super.kg logo

Жабырлануучу 3 унаасын алмашып ийген. Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды

 
Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-апрелде милицияга А.У. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арыз ээсинин айтымында, К.М. аттуу жаран өзүн Zetcoin деп аталган виртуалдык активдердин техникалык директору катары тааныштырып, виртуалдык активдердин баасы бир нече айдын ичинде тез өсүшүнө кепилдик берип, анын ишеничине кирген. Андан соң Zetcoin'дин активдердин 10 доллардан баалап, жалпы 40 миң 500 долларга бааланган активдерин жабырлануучунун 17 миң доллар турган Hyundai Sonata Rise, 15 миң долларлык Hyundai Sonata жана 8 миң 500 доллар турган Chevrolet Spark автоунааларына алмаштырып, изин жашырып кеткен.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери шектүү катары 2000-жылы туулган К.Мны кармашкан. Ленин райондук соту аны 7-майга чейин Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: