super.kg logo

Курулуш компаниясына өтүп кеткен жер салып аткан турак жайы менен мамлекетке кайтарылды

 

Бишкек шаарындагы 996,18 чарчы метр аянттагы, суммасы 127 миллион сомду түзгөн 12 даана кыймылсыз мүлк мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, "П" курулуш компаниясы тарабынан 12-кичи райондо жайгашкан мыйзамсыз берилген жер тилкесине көп кабаттуу турак үйдүн курулушу жүрүп жаткандыгы аныкталды.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 2006-жылы Бишкек шаарынын башкы планынын авторлорунун бири А.А.М., Бишкек мэриясынын жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, жыйынтыгында Октябрь администрациясынын жасалма токтомун колдонуу менен аффилирленген жактарга жалпы аянты 0,2 гектар муниципалдык жер тилкелерди мыйзамсыз бөлүнгөндүгү такталды.

"Аталган жер тилкелери турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон айрым жарандардын өзүнчө категорияларына арналган. Деген менен иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган жер тилкелерин А.А.М. аттуу жарандын жакын туугандарына жана Бишкек шаарынын аймагында жашабаган башка жактарга берүү фактылары аныкталган.

Кийинчерээк бул жер тилкелерин пайдалануу укугу «П» курулуш компаниясына өткөрүлүп берилип, учурда аталган компания 12 кабаттуу турак жайды куруп жатат. Козголгон кылмыш ишинин алкагында кабыл алынган комплекстүү иш-чаралардын жыйынтыгында "П" курулуш компаниясы Бишкек шаарынын мэриясынын балансына жалпы аянты 996,18 м2, суммасы 127 миллион 681 миң 80 сомду түзгөн 12 бирдик кыймылсыз мүлктү акысыз өткөрүп берди", - деп айтылат маалыматта.

Учурда ушул сыяктуу фактыларды жана тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: