super.kg logo

Адахан Мадумаров УКМКнын тергөө абагынан чыкты (видео)

 

Жогорку Кеңештин депутаты, камактагы Адахан Мадумаров тергөө абагынан чыкты. Бул тууралуу саясатчынын УКМКнын алдына чогулган тарапташтары, журналисттер билдирди.

Буга чейин эл өкүлү соттун чечимине ылайык 26-апрелге караган түнү эркиндикке чыгары маалым болгон. Эске салсак, 26-мартта Биринчи Май райондук сотунда “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун иши каралып, соттун чечими чыккан. Чечимге ылайык, ал коюлуп жаткан айыптар боюнча күнөөлүү деп табылып, кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза дайындалган эмес.

Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылган. Ал райондук соттун чечимине каршы шаардык сотко даттанган эмес.

Мадумаров былтыр 2-сентябрда кармалган. Ага кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн “мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган.

Кийинчерээк 2015-жылдагы парламенттик шайлоого байланыштуу депутаттын дарегине арыз жазылган. Анда Чыңгыз Абдымомунов аттуу жаран милицияга 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен кайрылган. Бул факты боюнча “алдамчылык” беренеси менен айып тагылган.

Мадумаров өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, саясий куугунтук катары сыпаттаган.






Адахан Мадумаров эркиндикке чыкты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: