super.kg logo

Яндекс Go Кыргызстандын дагы жети шаарында иштей баштады 

 

Яндекс Go сервиси Кыргызстандын дагы жети шаарында иштей баштады. Жыл башынан тартып такси чакыруу тиркемеси Нарын, Талас, Балыкчы, Баткен, Кызыл-Кыя, Өзгөн жана Базар-Коргондун жашоочулары үчүн жеткиликтүү болуп калды.

Нарын, Талас жана Балыкчыда сапардын баасы 20 сомдон, ал эми өлкө түштүгүндөгү жаӊы шаарларда – 22 сомдон башталат. Жол кирени жүргүнчүгө ыӊгайлуу ыкмаданакталай же тиркемеге байланган банк картасы менен төлөгөнгө болот.

«Биз өлкөнүн ар кыл облустарынын жашоочуларына автоунаа чакыруунун эӊ ыкчам жолу жана өзгөчө маанилүү жагы, арзан баада жеткиликтүү болушун каалайбыз. Биздин коопсуздук технологиялар дайыма өнүгүүдө жана бүткүл өлкө боюнча иштеп жатат. Технологиянын жардамы аркылуу айдоочулардын бош туруп калбаганы, чакыруулардын тынымсыз болуп турушу алардын кирешесин тынымсыз өстүрүүгө мүмкүндүк түзөт», - дейт Кыргызстандагы Яндекс Go компаниясынын жетекчиси Тилек Сулайманов.

Сервисте күнү-түнү онлайн-колдоо кызматы жеткиликтүү.

Эгерде жүргүнчү сапарга нааразы болсо, машинада буюмун унутуп калса же суроо бергиси келсе, анда тиркеме аркылуу колдоо кызматы байланыша алат жана ага жардам беришет.

Кыргызстанда Яндекс Go компаниясы 2017-жылдын күзүндө пайда болгон. Бүгүнкү күнү сервисти өлкөнүн 13 шаарында пайдаланууга болот. Такси чакыруу үчүн акысыз тиркеме iOS жана Android үчүн кыргыз, орус, англис жана башка тилдерде жеткиликтүү.

Өзгөн шаары


Баткен шаары

Талас шаары

Балыкчы шаары

Нарын шаары






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: