Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери жана мыйзамдуулук боюнча комитети 2013-жылы 31 мыйзам долбоорун караган
Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери жана мыйзамдуулук боюнча комитети 2013-жылы 31 мыйзам долбоорун караган. Бул туурасында бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган комитет тарабынан КРнын Президенти сунуш кылган КРнын Жогорку Сотунун жана анын Конституциялык Сотунун судьялыгына талапкерлер каралды. Комитет мүчөлөрү сунушталган талапкерлерди Жогорку Кеңештин кароосуна даярдоодо алардын жеке иштери иликтенип, келип түшкөн сунуштар менен даттануулар каралган соң, талапкерлердин татыктуулары гана Жогорку Кеңеш тарабынан тандалып алынып, айрымдарынан баш тартылды. Ушу тапта Жогорку Сотто 5 судьянын орду, ал эми Конституциялык палатада 2 судьянын орду бош турат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
Рейтинг:
0

