super.kg logo

Иракта TikTok жылдызын атып кетишти

 

Ирактык TikTok жылдызы Ом Фахадды Багдаддагы үйүнүн алдынан атып кетишти. Бул тууралуу Ирактын мамлекеттик коопсуздук кызматына таянып чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, ал жашаган жерине жакын жерде унаасында белгисиз бирөө тарабынан өлтүрүлгөн.

Өлкөнүн Ички иштер министрлиги кылмышты иликтөө үчүн атайын жумушчу топ түзгөнүн билдирди.

Музыканын коштоосунда бийлеп жаткан видеолорду тарткан ирактык TikTok жылдызы Ом Фахад буга чейин 2023-жылдын февралында жөнөкөйлүккө жана коомдук адеп-ахлакка шек келтирген адепсиз сөздөрдү камтыган видеолорду таратканы үчүн 6 айга эркинен ажыратылган.

Белгилей кетсек, бул Ирактагы видеблогерлер өлтүрүлгөн биринчи окуя эмес. Акыркы жылдары көптөгөн популярдуу ирактык блогерлер өлтүрүлгөн.

Февраль айында Дивания шаарында Симсим каймана аты бар блогер киши колдуу каза тапса, 2023-жылы ТикТоктун дагы бир жылдызы Нур Альсаффар өлтүрүлгөн. Ага чейин 2018-жылы Инстаграмда үч миллион катталуучусу бар модель Тара Фарес Багдадда атып өлтүрүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: