super.kg logo

Тель-Авивде миңдеген демонстранттар көчөлөргө чыкты

 

Израилде кечээ, 27-апрелде миңдеген жарандар нааразылык акциясына чыгып, премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун саясатына нааразылыгын билдиришти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматтарга караганда, демонстранттар кезексиз шайлоо өткөрүүнү жана өкмөттөн Газада барымтадагыларды бошотуу үчүн чара көрүүсүн талап кылышкан. Толкундоолордун эң ириси Тель-Авивдеги өкмөттүк имараттар комплексинин жанында болгон.

Ушундай эле акциялар Израилдин башка шаарларында да болгон. Тактап айтканда, Кесария шаарындагы Нетаньяхунун үйүнүн жанында жүздөгөн адамдар чогулган. Ошондой эле Хайфада ири нааразылык акциясы өткөн.

Белгилей кетсек, ХАМАС 133 израилдикти барымтада кармоодо. Ноябрь айында айрым туткундар бошотулган, бирок андан аркы сүйлөшүүлөр токтоп калган.

ХАМАС ок атышууну биротоло токтотууну, Израиль армиясынын Газадан чыгарылышын жана газалык качкындардын туруктуу жашаган аймактарына кайтарылышын талап кылууда.

Ал ортодо Израил бул талаптарды четке кагып, кыска мөөнөттүү ок атышпоо келишимине гана макул экенин белгилеген. Буга чейин Нетаньяху Газадагы аскердик аракеттерин ХАМАС толугу менен жок кылынмайынча улантууга даяр экенин бир нече жолу билдирген.

Израилдин Газадагы чабуулдарынан 34 миңден ашуун палестиналыктын курман болгону айтылат. БУУ курмандыктар 32 миңден ашуун экенин тастыктаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: