super.kg logo
  Саясат  

"Парламентке басым күчөдү". Шайлообек Атазов депутаттардын мандатынын алынышы боюнча пикирин билдирди

 

Парламентке басым күчөдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Фейсбук аркылуу жасаган видео кайрылуусунда билдирген.

Эл өкүлү анын 13-мартта парламенттеги акыркы кайрылуусунан кийин эле 6 депутат мандатынан ажыратылганын айтып, бул мыйзам чыгаруу бийлигинин ишине терс таасирин тийгизе турганын билдирген.

"Кыргызстандын тарыхында 7-чакырылыштын депутаттарына жасалгандай кысым болгон эмес. Бул болсо демократиянын, парламентаризмдин мындан ары өнүгүшүнө коркунуч туудурат. Маселе мандат алып коюуда эмес. Аны эл берди, кийинки шайлоодо барсаң кайра берет. Маселе аны алып коюудагы процедуралардын бузулуп жатканында. Мандаты алынгандардын саны 20га жетип калды. Ушунун баарын карап отурган парламенттин төрагасы Шакиев мырзанын "мандатты эмне себептен, кайсы кылмышы үчүн алып жатасыздар?" деп бир да сурап койбогону анын абийирине байланыштуу", - деген Атазов.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын административдик соту бир мандаттуу №29 Свердлов округунан шайланып келген Шайлообек Атазовду 1-мартта мандатынан ажыраткан.

Эл өкүлү соттун чечимине комментарий берип, ал мыйзамсыз экенин жана мамлекеттик түзүлүшкө, сот системасына доо кетиргенин, сот адилетүү деген сөзгө көө жапканын жазган. Ошондой эле ал сот чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

Ал эми Бишкек шаардык соту мурунку инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырган.

Депутат бул маселе боюнча Жогорку сотко да кайрылган.









Шайлообек Атазов

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: