super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров тоо лыжа кластерин өнүктүрүү боюнча жыйын өткөрдү

 

Бүгүн, 29-апрелде президент Садыр Жапаров “Үч чоку” кластерин өнүктүрүү планынын бет ачарына арналган жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өлкө башчынын администрациясы билдирди.

Анда франциялык S3V (Société de Trois Vallees) компаниясынын башкы директору Паскаль де Тьерсан “Үч чоку” кластери Борбордук Азиядагы эң ири лыжа базасы боло аларын билдирди.

Ал белгилегендей, долбоор Ысык-Көл облусундагы үч тоо чокусун камтыйт: Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук. Планга ылайык, бул жерлерде жалпы узундугу 200 чакырымды түзгөн лыжа трассалары курулат.

"Долбоор ишке ашкандан кийин 4,8 миң жумушчу орун түзүлөт деп күтүлүүдө. Салык төлөмдөрүнүн көлөмү 146 миллион еврону түзөт. Аталган курорттор жылына 10 ай иштеп, аларга 850 миңге чейин турист келе алат.

Кластерди куруунун биринчи этабынын алкагында 60 чакырым лыжа трассасы жана алты асма жол курулат. Пландаштырылган иштер 2026-жылдын аягына чейин аяктайт жана 165 миллион евро инвестиция тартууну талап кылат.

Ошону менен бирге туристтерге ыңгайлуу болушу үчүн мейманканалар, ресторандар, этно-шаарчалар, конференц-залдар, ошондой эле башка эс алуу зоналары камтылган комплекстүү инфраструктура курулат" деп жазылат маалыматта.

Мамлекет башчысы тоо лыжа кластерин ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, мамлекеттин катышуусун талап кылган бардык маселелерди иликтөө боюнча зарыл иштерди жүргүзүүнү тапшырды.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: