super.kg logo

Базар-Коргондо 23 жаштагы Гаухар дайынсыз жоголду

 
Базар-Коргон шаарынын Махмадали-Хажы көчөсүнүн №3 үйүнүн тургуну 2001-жылы туулган Абдукаххарова Гаухорой Абдувахидовна 21-апрель күнү саат 08:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Милициянын маалыматына ылайык, учурда Абдукаххарова Гаухорой Абдувахидовнанын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жатат. Буга байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Белгилери: Бою 160-170 сантиметр, өңү кара-тору, кашы-көзү кара, чачы кара, орто дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: Башында кара түстөгү жоолук, үстүндө кызыл түстөгү халат, бутунда көк түстөгү жайкы сланцы болгон.
Дайынсыз болуп жаткан Абдукаххарова Гаухорой Абдувахидовна тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо кабарлап коюуңуздарды суранабыз.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: