super.kg logo
  Саясат  

Айбек Жунушалиев Москва өкмөтүнүн министри менен жолугушту

 

Бүгүн, 30-апрелде Бишкек мэриясында мэр Айбек Жунушалиев менен Москва өкмөтүнүн министри, Москва шаарынын тышкы экономикалык байланыштар департаментинин башчысы Сергей Черёминдин жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, тараптар эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Ага ылайык, Сергей Черёмин Бишкек шаарынын 146 жылдыгы менен куттуктады.

Ошондой эле жолугушууда Бишкек шаарынын мэриясы менен Москва Өкмөтүнүн ортосунда 2024-2027-жылдарга кызматташуу программасына кол коюлду.

"Бул программанын алкагында соода-экономикалык мамилелер, жол-транспорт инфраструктурасы, шаар куруу, борбордун аймактарын көрктөндүрүү, билим берүү жана илим, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт, калкты социалдык жактан коргоо жаатында тыгыз кызматташуу жана башкалар ишке ашырылат", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары "Дом Москвы" маданий-ишкер борборуна имарат куруу маселеси да талкууланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: