super.kg logo

"Жасалма акча тараткан". Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

 

Жасалма банкноттордун ири партиясын таратууга шектелип 41 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, январь айында Бишкектеги бир ишкер жаран КМШ өлкөлөрүнүн бирине 123 миң долларды курьер аркылуу накталай жөнөткөн. Бир аз убакыттан кийин чет өлкөдөн жогорудагы акчаларынын үстүнө 1000 доллар кошуп, кайра кайтарып жөнөтүшкөн. Бирок акчалар жасалма болуп чыккан. Мындан улам жабырлануучу ички иштер органдарына арыз менен кайрылган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнө (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

"Күмөндүү болгон бардык банкноттор алынып, экспертизага жөнөтүлгөн. Соттук-экспертиза 100 доллар номиналындагы 1 230 даана банкнот жалпак жана электрографиялык басып чыгаруу ыкмасы менен даярдалганы (түстүү лазердик принтер) аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Шектүү катары 1983-жылы туулган Б.К. аттуу жаран кармалып, соттун чечими менен №1 тергөө абагына камакка алынган.

Учурда аталган кылмыш ишине шериктеш болгондорду аныктоо иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: