super.kg logo
  Саясат  

Жапаров Абдраев атындагы музыкалык мектептин реконструкциялоо долбоору менен таанышты (фото)

 

Бүгүн, 30-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мукаш Абдраев атындагы республикалык орто атайын музыкалык мектеп-интернатындагы билим берүү чөйрөсүн реконструкциялоо жана жакшыртуу долбоору менен таанышты. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, Жапаров 300 орунга эсептелген жаңы жатакананын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Тиешелүү финансылык каражаттар республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Объектти үстүбүздөгү жылдын сентябрына чейин бүткөрүү пландалууда.

Акылбек Жапаров Ага-хан өнүктүрүү тармагынын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте мектептин аймагындагы имараттардын абалы менен таанышты.

Белгилей кетсек, Ага-хан өнүктүрүү тармагы менен кызматташуунун алкагында мектеп-интернаттын билим берүү чөйрөсүн жакшыртуу боюнча демилгелер иштелип чыгууда.

Тактап айтканда, мектеп-интернаттагы окуучулардын жашоо шартын жакшыртууну эске алуу менен мектепти реконструкциялоо жана кеңейтүү, ар кандай маданий шаардык иш-чараларды өткөрүү үчүн чоң концерттик залды куруу.

Мындан тышкары, мектеп-интернаттын окуучулары үчүн спорт аянтчасы курулуп, үн өткөрбөөчү класстарды, репетиция жана окуу кабинеттерин, китепкананы түзүү менен окуу базасы кеңейтилет.

Жыйынтыгында Акылбек Жапаров Ага-хан өнүктүрүү тармагынын көмөгүнүн аркасында, эл аралык класстагы архитекторлорду тартуу менен жаңы концерттик залды долбоорлоону баштоону тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: