Таш-Көмүрдө Нарын дарыясына түшүп кеткен 6 жашар бала 7 күндөн бери изделүүдө




Бүгүн таң эрте Нарын дарыясынан жаш баланы издөө иштери уланды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалымдалгандай, издөө иштерине №57 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 7 куткаруучу, Шаардык ички иштер бөлүмүнөн 2, жергиликтүүлөрдөн 20 адам чыкты. Учурда 3 кайык менен изделип жатат.
Эскерте кетсек, 23-апрель күн саат болжол менен 18:50 чамасында Таш-Көмүр шаарына караштуу Акшар айылынан өткөн Нарын дарыясына 2018-жылы туулган Н.Н. аттуу жаш бала түшүп кеткендиги боюнча маалымат түшкөн.
Жерине ыкчам топ тартылып, издөө иштеринен натыйжа болгон эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.