super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров Кытайдын Шэньси провинциясынын төрагасы менен жолукту

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Шэньси провинциясынын элдик өкмөтүнүн төрагасы Чжао Ган менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Акылбек Жапаров Кыргызстан Шэньси провинциясы менен Улуу Жибек Жолу аркылуу байыртадан бери байланышып келгендигин белгиледи.

Жапаров былтыр май айында Сиань шаарында «Кытай-Борбор Азия» саммити өткөнүн айтып, президент Садыр Жапаровдун Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынан кийин эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун жаңы барагы ачылганын айтты. Ошондой эле ал Сиань шаарынан башталган байыркы Улуу Жибек Жолун эми Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу калыбына келтирет деген оюн билдирди.

"Географиялык жайгашуусунун артыкчылыгы менен Шэньси жана Кыргызстан провинциялары эл аралык транзиттик жүк ташуулардын кошумча көлөмдөрүн тарта алат, бул Кытай менен өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнүн олуттуу өсүшүнө өбөлгө түзөт", - деди Акылбек Жапаров.

Өз учурунда Чжао Ган меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, бул сапар биргелешкен долбоорлорду талкуулоо жана андан ары өнүктүрүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатканын белгиледи. Ал соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун соңунда соода-экономикалык мамилелер, инвестициялык долбоорлор тууралуу сөз болуп, Кыргызстандын экологиялык таза айыл чарба продукцияларын Шэньсиге экспорттоо, туризмди, айыл чарба, энергетика тармактарындагы кызматташуу талкууланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: