Ош. Кара-Суу районунун жашоочусунун үйүнөн 4 килограммга жакын баңгизат табылды
19-декабрда Кара-Суу районунда Падаван айылында чоң көлөмдөгү баңгизатын мыйзамсыз алып жүргөндүгү үчүн өлкө жараны колго түшүрүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө 49 жаштагы А.Ш. аттуу жарандын үйүнөн 3 килограмм 837 грамм салмактагы баңгизат табылган. Андан ары улантылган ыкчам изилдөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 45 жаштагы А.З. аттуу аял кармалды. Учурда аталган кылмыш ишине катыштыгы бар делген башка жарандарды иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынан билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Echkimge kyzygy kalbai kalat eger baardyk janylyktar ushundai jazylsa.