super.kg logo

Грузияда нааразылык акциясына чыккандар менен полиция кагылышты (видео)

 

Грузияда миңдеген демонстранттар кечээ, 30-апрелде Тбилиси шаарындагы парламенттин имаратынын алдына чогулуп “Тышкы таасирдин ачыктыгы жөнүндө” мыйзам долбоорунун кабыл алынышына каршы чыгышты.

Укук коргоо органдары демонстранттарды парламенттин кире беришинен сүрүп чыгарып, ондон ашуун адамды камакка алышкан. Полиция митингчилерге карата калемпир газын чачырата баштаганда кырдаал курчуп кеткен.

Мыйзам долбооруна добуш берүү шаршембиге жылдырылды, анткени парламентарийлер талкууну шейшембиде бүтүрүүгө үлгүрбөй калышты.

Нааразылыктарды жараткан мыйзам долбоору каржысынын 20 пайыздан ашыгын чет өлкөдөн алган бейөкмөт уюмдарды айып пул салуу коркунучу астында “чет элдик өкүл” катары каттоодон өткөрүүнү талап кылат. Оппозиция бул “чет элдик таасир” деген шылтоо менен бийликке жакпаган уюмдарды жабуунун куралы болуп калат деп кооптонууда.

Буга чейин Евробиримдик жана батыш өлкөлөрү бул мыйзам долбоору декабрда Грузияга талапкер статусун берген Евробиримдик менен Грузиянын интеграциясын токтотушу мүмкүн деп эскерткен.






Грузияда абал тынч эмес

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: