super.kg logo
  Саясат  

Ош. 2013-жылда облус аймагында 4 ымыркайга ВИЧ илдети энелери аркылуу жуккан

 

Үстүбүздөгү жылы облус аймагында  4 ымыркайга жугуунун вертикалдуу жолу (төрөт) аркылуу өз энелеринен ВИЧ илдети жугузулган. ВИЧ илдетин жуктурган энелер Орусиянын аймагында төрөп, кийин балдары менен Кыргызстанга келишкен. Ошондой эле 12 балада ВИЧ илдети бар экендиги аныкталган. Бирок жуктуруу этимологиясы белгисиз. Бул балдардын энелери текшерүүдөн өткөн эмес жана кайсы жол аркылуу жукканын азыр аныктоо эрте. Алгач энелерин текшерүүдөн өткөрүү керек, бирок алар Казакстанда жана Орусияда жүрүшкөндүктөн, учурда чакыруулар жөнөтүлгөн. Бул тууралуу кечээ, 20-декабрда болуп өткөн Саламаттыкты сактоо министрлигинин коллегиясында Ош облусунун СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун башкы дарыгери Элмира Нарматова билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: