super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров иш сапары менен Ташкентке учуп кетти. Делегациянын курамы 

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Ташкентке учуп кетти. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен кабарлашты.

Маалым болгондой, өкмөт башчы иш сапарынын алкагында III Ташкент эл аралык инвестициялык форумуна жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын биргелешкен жыйынына катышат.

Делегациянын курамында:

- Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев;

- Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Муратбек Азымбакиев;

- Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев;

- Энергетика министри Таалайбек Ибраев;

- Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев;

- Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев;

- Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев;

- Юстиция министринин биринчи орун басары Зарема Аскарова;

- Тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов;

- Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова;

- Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев;

- Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов;

- Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Жибек Абдуллаева;

- Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: