super.kg logo

Токаев Азербайжан менен Армениянын Алматыдагы сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу билдирүү жасады

 

Кечээ, 1-майда Акорданын басма сөз кызматы Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Алматыдагы Азербайжан менен Армениянын сүйлөшүүсү тууралуу билдирүүсүн жарыялады.

"Мен Азербайжан менен Армениянын Казакстандын сунушу боюнча тышкы иштер министрлеринин эки мамлекеттин ортосунда тынчтык келишимин даярдоо боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жөнүндө макулдашууну колдойм", - деп билдирген Токаев.

Ошондой эле ал: "
Мен алдыда боло турган жолугушуу азербайжан-армян келишимдерин иш жүзүндө ишке ашырууга кызмат кылып, Түштүк Кавказда бекем жана узак мөөнөттүү тынчтыкты тез арада орнотууга салым кошот деп эсептейм", - деп кошумчалаган билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, 29-апрелде АКШнын мамлекеттик катчысы Антони Блинкен Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Алиев Блинкенге казак тараптын сунушу боюнча Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери жакында Алматыда тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн жолугушат деп билдирген.

Ал эми буга байланыштуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров сүйлөшүүлөргө Азербайжан менен Армения гана катыша турганын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: