super.kg logo

Орусиянын дагы бир облусунда чет элдиктерге такси кызматында иштөөгө тыюу салынды

 

Орусиянын Курск облусунун губернатору Роман Старовойт өкмөттө өткөн ыкчам жыйында мигранттардын такси тармагында иштөөсүнө тыюу салуу боюнча токтомго кол койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Старовойт мындай чечимдер иштин башка түрлөрү боюнча да кабыл алынышы мүмкүн экенин билдирген. Анын айтымында, чет өлкөлүктөргө тыюу салуу Орусиянын аймактарында “профилактикалык коопсуздук чарасы” катары киргизилүүдө. Жаңы чектөөлөр боюнча маселе 3-майда ыкчам штабдын жыйынында каралат.

Губернатордун биринчи орун басары Алексей Смирновдун айтымында, Орусиянын жарандыгын алгандан кийин таксист болуп иштөөнү улантууга болот.

“Сизге Орусиянын жарандыгын алып, өлкөдө иштөөңүзгө эч ким тоскоол болгон жок. Бирок адамдар жарандык алгандан кийин ошол жарандыкка ылайык жашоо үчүн аларга белгилүү бир милдеттер жүктөлөт. Жарандык алууну каалагандар үчүн эшик ачык. Эч кандай чектөөлөр жок”, - деген ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Орусиянын ондон ашык облусунда мигранттарга такси кызматында иштөөгө тыюу салынган, анын ичинде Новосибирск, Тула, Калуга, Челябинск облустары, Камчатка, аннексияланган Крым жана Якутия бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: