super.kg logo
  Спорт  

"Түшүнбөй калдым". UFC өзбек мушкерин уюмдан чыгарып салды

 

Өзбекстандын тарыхындагы биринчи UFC мушкери Махмуд Мурадов америкалык промоушенден четтетилди. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Мен дагы силер сыяктуу эле мындан ары UFC мушкери эмес экенимди уктум. Келгиле, анын себебин билип, андан ары эмне болорун көрөлү. Жашоо уланууда, бул спорт. Колдооңуздар үчүн баарыңыздарга чоң рахмат. Мен чындыгында түшүнбөй калдым, бирок бул чындык.

Ооба, мени UFC уюму чыгарып салды, бирок мен спорттук карьерамды бүтүргөн жокмун. Жарым сааттын ичинде эле 3-4 жакшы сунуш келди", - деп жазды Мурадов.

34 жаштагы Махмуд Мурадов 2019-жылы UFC'ге кошулган алгачкы өзбек мушкери болгон. Бул аралыкта ал уюмда 7 беттеш өткөрүп, анын төртөөндө жеңишке жетишкен.

Мурадовдун UFC'деги акыркы беттеши 4-февралда болуп, анда беттеш өткөн жок деп табылган. Анын атаандашы орусиялык Алиасхаб Хизриев беттеш учурунда Мурадовдун көзүн чукуп алган. Мындан улам Мурадов беттешти уланта алган эмес.

Белгилей кетсек, 14-мартта Мурадов UFC менен төрт беттешке жаңы келишим түзгөнүн жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: