"Жайлоодогу жайыт талаш". Өзгөндө атасы менен балдарына кылмыш иши козголду
Өзгөндө жайыт талашып урушкан айылдаштар боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош ОИИББинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 29-апрелде милицияга Төрт-Көл айыл аймагынын 1966-жылы туулган Н.Н. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 28-апрель күнү жайлоодо 1998-жылы туулган Н.уулу Б. аттуу баласы экөөнү 1964-жылы туулган М.Т. аттуу айылдашы сабап салган.
Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Ал эми 30-апрелде сабады делген М.Т. аттуу жаран денесинен жараат алып, ооруканага кайрылган. Ал милицияга 28-апрель күнү жайлоодо айылдашы Н.Н. эки баласы менен ур-токмокко алып, денесине жаракат келтиргенин айткан.
Бул факты дагы каттоого алынып, окуяга тиешеси бар атуулдарга соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
"Топтолгон материалдын негизинде Н.Н. жана анын балдарынын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен жана дайындалган экспертизанын корутундусуна ылайык, мыйзамдуу чечимдер кабыл алынат", - деп айтылат маалыматта.
Милиция учурда тергөө иштери уланып жатканын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.