super.kg logo
  Спорт  

Бүгүн, 21-декабрда Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын кубогу үчүн мелдеш башталды (фоторепортаж)

 
Ачылыш аземинде КРнын гимни ырчы Оманын аткаруусунда ишке ашты.
Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мурдагы башкы машыктыруучусу Арзыбек Кожошев мелдешти ачык деп жарыялоодо.
Көрүүчүлөр балбандарды катуу сүрөөнгө алып жатышат.
Мелдештин катышуучуларынын саны 150гө жетет.
Калыбек Жолчубков финалдык жолдомону алды.
Арсен Эралиев жарым финалда жеңүүчү аталды.
Арсен Эралиев жеңүүчү аталды. Таблодогу эсеп айырмачылыгы...
Күндүн эң кызыктуу күрөшү Арсен Эралиев менен Калыбек Жолчубековдун ортосундагы финалдык кармаш десек болот.
Арсен ЭралиевКалыбек Жолчубеков тиреши өтө күчтүү болду. Алгач Калыбектин мурду канап баштаса, андан соң Арсендин оозу жарылып, кан сызып жатты.
Жыйынтыгында жеңиш ээси Калыбек аталды. Ошентип ал Кыргызстандын кубогунда 59 килограмм салмакта жеңүүчү аталды.

Бүгүн, 21-декабрда Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын кубогу үчүн мелдештин ачылыш аземи болду. Учур жарым финалдык беттештер жүрүп жатат. Финалдык кармаштарга 16:00дө старт берилет.  

Эске салсак, КРнын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Владимир Боголеповдун жаркын элесине арналган мелдешке республиканын борборунан жана өлкө аймактарынан келген 150 балбан 7 салмак категориясы боюнча күч сынашууда. 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: