Мыктыбек Оролбай уулу UFCде экинчи жолу жеңишти камсыздады (видео)
Кыргызстандык мушкер Мыктыбек Оролбай уулу Бразилияда өткөн UFC турниринде жеңишке ээ болду.
Ал 4-майда бразилиялык спортчу Элвес Бренер менен беттешти. Мелдеш Рио-де-Жанейродо болуп, үч күнгө уланды.
Калыстардын баары анын пайдасына добуш беришкен. Муну менен Оролбай уулу UFC килеминде катары менен эки жолу жеңишти багындырды.
Эске салсак, мушкер былтыр Лас-Вегаста сербиялык Урош Медич менен беттеш өткөргөн. Анда ал экинчи раундда атаандашын муунтуу ыкмасы менен утуп алган.
Мыктыбек Оролбай уулу UFC
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Azat-123

05.05.2024. 16:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсың иним, экинчи жолку жеңишиң кут болсун
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.