Орусиянын Ички иштер министрлиги Зеленськийге издөө салды



Орусиянын Ички иштер министрлиги Украинанын президенти Владимир Зеленскийге издөө жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматтарга караганда, Зеленскийди кайсы кылмыш иши менен издөөдө жүргөндөрдүн катарына кошкону белгисиз.
Ошондой эле Украинанын мурдагы президенти Пётр Порошенко да издөөгө алынган. Анын да чоо-жайы анык эмес.
Мындан тышкары бул тизмеде украин армиясынын кургактагы күчтөрүнүн командачысы Александр Павлюк, Украинанын мурдагы коргоо министри, Улуттук коргоо университетинин азыркы ректору Михаил Ковал да бар.
Орусия буга чейин да Украинанын мурдагы жана азкыркы бир катар аткаминерлерин издөөгө алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.