super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров иш сапары менен Орусияга барат

 

Президент Садыр Жапаров 8-майда Евразия экономикалык биримдигинин юбилейлик саммитине жана 9-майда Москва шаарында өтө турган Жеңиш парадына катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

"Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун жүрүшүндө мамлекет башчылары “2025-жылга чейинки Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө” 2023-жылдын жыйынтыктары боюнча жана “2023-жылга Евразия экономикалык биримдигинин Эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу жөнүндө” баяндамаларды угушат.

Бир катар маанилүү чечимдерди жана документтерди кабыл алуу, анын ичинде бир жагынан ЕАЭБ жана ага мүчө мамлекеттер, экинчи жагынан Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосунда, товарлардын жасалган жерин сертификациялоонун жана верификациялоонун электрондук системасынын алкагында маалыматтарды электрондук алмашуу жөнүндө протоколдун долбоорун жактыруу пландаштырылууда.

Мындан тышкары, “Евразия экономикалык биримдигине 10 жыл” медалын уюштуруу планда турат", - деп белгиледи Азымбакиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: