super.kg logo

"Өкүнүчүмдү элестете албайсыздар". Куандык Бишимбаев сотто акыркы сөзүн сүйлөдү

 

Коңшу Казакстандын эле эмес, КМШ өлкөлөрүнүн көңүлүн бурган Казакстандын мурдагы министри, аялын сабап өлтүрүүгө шектелип жаткан Куандык Бишимбаевдин соттук отуруму уланууда.

Бүгүн, 6-майда сот айыпталуучу Куандык Бишимбаевге акыркы сөзүн сүйлөөгө уруксат берди.

"Менин кылган иштерим сүйгөн адамымдын өлүмүнө, анын ата-энесинин, үй-бүлөсүнүн, досторунун кайгыруусуна себеп болду. Мен дагы бир жолу алардан кечирим сурайм. Бул окуядан улам жүрөгүн ооруткан бардык жарандардан кечирим сурайм. Ата-энемден, туугандарымдан, досторумдан, балдарымдан кечирим сурайм. Менин каталарым алардын жашоосуна уят, кайгы, тынчсыздануу жана коркунуч алып келди. Бирок, айткым келет, кылганыма ата-энем да, туугандарым да күнөөлүү эмес. Бул менин гана күнөөм, бул менин гана жүгүм", - деди Бишимбаев.

Бишимбаев Салтанат Нукенованын өлүмүнө карата күнөөнү моюнуна аларын, бирок атайылап киши өлтүрүү боюнча күнөөнү моюнуна албай турганын билдирди. Бишимбаев өз сөзүндө коомдо аны каралоо компаниясы башталганын, ал үчүн буйрутма берилип, акча төлөнүп жатканын кайра-кайра айтты. Буга байланыштуу ал сотторду объективдүү болууга, социалдык тармактардагы резонанстарга жетеленбөөгө чакырды.

"Мурда кандай адам болгонум, кандай кызматта иштегеним маанилүү эмес. Мен ошол эле адаммын. Калыс жана объективдүү соттолушум керек. Мен жазаланууга даярмын жана бул жаза менин күнөөмдүн кечирилиши болсун деп Кудайдан тилейм. Кылгандарыма күн сайын аябай өкүнөм. Болгон бардык окуялар үчүн өзүмдү канчалык күнөөлөп жатканымды элестетүү мүмкүн эмес", - деди Бишимбаев.






Куандык Бишимбаев сотто акыркы сөзүн сүйлөдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: