super.kg logo

"Белгисиз жаныбардын эти табылды". Милиция Тоңдо аңчылык кылган жаранды кармады

 

Ысык-Көлдө мыйзамсыз аңчылыкка шектелип жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, апрель айынын аягында туристтик-экологиялык милиция кызматкерлерине Тоң районунун Сырт өрөөнүндө жергиликтүү тургун мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган маалымат боюнча кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүп, анын натыйжасында шектүүнүн өздүгү такталган. Ал Тоң районунун Арчалы айылынын 46 жаштагы тургуну Б.А. болгон.
"Милиция кызматкерлери тарабынан шектүүнүн жашаган жери боюнча санкцияланган тинтүү жүргүзүлдү. Тинтүү учурунда далил зат катары мыйзамсыз сакталган 40 даана 7,62х39 калибрдеги ок-даарылар, 40 даана 7,62х54 калибрдеги ок-даарылар, 50 даана 5,6 калибрдеги ок-даарылар табылып алынган. Мындан тышкары, чет элдик ок атуучу курал жана шифонерде катылган белгисиз жаныбардын эти алынды.
Малдын этинин, ошондой эле ок-дарылардын жана ок атуучу куралдардын келип чыгышын аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалды", - деп билдиришти облустук милициядан.
Учурда тергөө амалдары уланууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: