Бишкекте Төмөнкү Ала-Арчада мектепке кошумча имарат ачылды










Бүгүн, 6-майда президент Садыр Жапаровдун онлайн форматта катышуусунда өлкө боюнча 9 мектеп жана 2 бала бакча ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, иш-чаранын алкагында Төмөнкү Ала-Арча орто мектебине кошумча окуу корпусу ачылды. Мамлекет башчы видеоконференция аркылуу салтанаттуу сөз сүйлөдү.
Ага ылайык, иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, мэрдин орун басары Виктория Мозгачева жана Свердлов районунун акими Алтынбек Кутманов катышты.
"Мектептин долбоордук кубаттуулугу 375 окуучуга ылайыкталган.
Мектеп эки кабаттуу окуу корпусунан турат, анда 18 окуу кабинети жана заманбап ашканасы каралган", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.