super.kg logo

Орусия Батышка жооп катары стратегиялык эмес, өзөктүк курал менен машыгуу өткөрөт

 

Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Түштүк аскер округунун ракеталык түзүмдөрү менен авиацияны жана Аскер-деңиз күчтөрүн тартуу менен машыгууга даярдык көрө баштады. Бул тууралуу 6-майда Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди.

"Куралдуу күчтөрдүн башкы колбашчысынын тапшырмасы менен стратегиялык эмес, өзөктүк күчтөрдүн күжүрмөн тапшырмаларды аткарууга даярдыгын жогорулатуу максатында Башкы штаб жакынкы аралыкта машыгууларды өткөрүүгө даярдык көрө баштады. Жакынкы аралыкта Түштүк Аскердик округдун ракеталык түзүмдөрү, ошондой эле аскер-деңиз күчтөрү тартылат", - деп айтылат Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө.

Машыгуунун жүрүшүндө стратегиялык эмес, өзөктүк куралды даярдоо жана колдонуу практикасы боюнча иш-чаралардын комплекси өткөрүлөт.

Машыгуу Батыштын провокацияларына жооп иретинде Орусиянын бүтүндүгүн жана эгемендигин камсыз кылуу үчүн стратегиялык эмес, өзөктүк куралдын даярдыгын текшерүүгө багытталганы такталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: