super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Барак эксклавынан көчүп чыккандар үчүн жаңы айылдын курулушун баштап берди (фото)

 

Президент Садыр Жапаров кечээ, 6-майда, Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Барак эксклавынан көчүп чыккан кыргызстандыктар жашай турган Жаңы-Барак жаңы айылынын түптөлүшүнө “мезгил кутусун” салуу салтанатына катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бул күндүн бардык кыргызстандыктар үчүн тарыхый маанисин белгиледи, анткени Барак айылы Өзбекстандын аймагында жайгашкан эксклав болгондуктан, анын тургундары жарым-жартылай обочодо калып, көп жылдардан бери өз Ата Мекенине кирип-чыгууда кыйынчылыкты аябай эле тартышкан.
Мамлекет башчысы 2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында “Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым чек ара тилкелерин делимитациялоо жөнүндө” келишимге кол коюлганын эске салды.
Президент Садыр Жапаров Барак тургундарын Кыргызстандын жаңы аймагына көчүрүү - алардын жашоо шартын жана жай турмушун жакшыртууга карай маанилүү кадам болорун баса белгиледи.
Башкы планга ылайык, 38 гектар аянтка Жаңы-Барак жаңы айылынын курулушу башталат. Башкы планда 164 жаранга турак үй куруу үчүн 8 сотыхтан жер тилкесин берүү, 101 жаңы үйдүн курулушу, ошондой эле жаңы айылдын тургундарынын жашы жеткен балдарына жер участокторун бөлүп берүү каралган. Үйлөрдүн курулушун 31-августка чейин бүтүрүү пландалууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: