super.kg logo

Бишкектеги көңүл ачуучу жайда жигит кызды башка чапты (видео)

 

Бишкектеги көңүл ачуучу жайда кызды башка урган жигит тергөөгө жеткирилди. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-май таңкы саат 04:30дар чамасында милицияга Киев көчөсүндө жайгашкан көңүл ачуучу жайда мас абалындагы жаран эс алуучу кызды башка чапканы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлерине 2002-жылы туулган жабырлануучу кыз арыз менен кайрылган.

"Шектүү делген 1997-жылы туулган М.М. аттуу жаранды тергөө кызматына жеткирүү учурунда, өзүн агрессивдүү алып жүргөн. Ал адепсиз сөздөрдү айтып, милиция кызматкерлерин мушташка түрткөн жана милиция кызматкеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, активдүү каршылык көрсөткөн", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктуна (коомдук тартипти коргоо милдетин аткарып жаткан бийлик өкүлүнө же башка адамга каршылык көрсөтүү) ылайык кылмыш иши козголгон.

Бул учур видеобайкоого түшүп калган. Кадрдан шектүү жигит кызды башка урганын көрүүгө болот.






07.05.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: