super.kg logo

Бишкек милициясы бир ай бою жүргүзүлгөн "Притон-Көпөлөк" рейдинин жыйынтыгы тууралуу маалымат берди

 

Бишкекте милиция кызматкерлери "Притон-Көпөлөк" аталышындагы профилактикалык иш-чараларды улантууда. Калаа милициясынан кабарлагандай, 12-апрелден бери профилактикалык иш-чара өтүп жатат.

Анын алкагында, милиция кызматкерлери социалдык жоопкерчилиги төмөн кыздар интимдик кызмат көрсөтүшү мүмкүн делген жерлерди текшерүүдө. Алар сауна, мейманкана жана ижарага берилүүчү батирлер.

Профилактикалык иш-чаралар башталгандан 6-майга чейин 250дөн ашык кыз аныкталып, райондук башкармалыктарга жеткирилип, ар бири менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) ылайык кылмыш иштери козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жүрүшүндө 4 шектүүгө жогорудагы берене боюнча кылмыш иши козголуп, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Мындан сырткары турак жайлардын менчик ээлерине карата көп кабаттуу үйдөгү турак жайды мейманкана катары бергендиги, өткөрүп бергени же пайдалангандыгы үчүн "Укук бузуулар" кодексинин 112-беренесине (көп батирлүү турак үйлөрдөгү турак жайларды пайдалануу эрежелерин бузуу) ылайык протоколдор түзүлүп, ар бирине 5 500 сомдон айып пул салынды, айыптын жалпы суммасы 55 миң сомду түздү.

"Милиция кызматкерлери тарабынан интимдик кызмат көрсөтүүгө тиешеси бар адамдарды жана сойкуканаларга тиешеси бар жарандарды аныктоо иштери улантылып, алар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору, эгерде сиздерде интимдик кызмат көрсөтүү менен алектенген адамдар же жерлер боюнча кандайдыр бир маалымат болсо, дароо төмөнкү телефондорго кайрылыңыздар: Whatsapp 0(701) 700-251, 0(312) 43-73-75 жана 24 саат бою байланышта болгон 102 кыска номер аркылуу. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет", - деп айтылат билдирүүдө.






Видео: Бишкек ШИИББ

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: