Дагы бир кыргыз мушкери Азия чемпиондугунда күмүш медаль утту
Бокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Мухаммадазиз Закиров Астана шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда 2-орунду ээледи.
Мушкер 80 килограммга чейинки салмакта катышып, 1/4 финалдык баскычта кореялык Парк Дам Хьонду утту. Ал эми жарым финалдык беттеште индиялык Сахилдди аттуу мушкерди жеңди.
Алтын медаль үчүн беттеште казакстандык мушкер Мадияр Бексултановго 4:1 эсебинде жеңилип, жыйынтыгында күмүш медалга ээ болду.
Кечээ, 6-майда Амантур Жумаев дагы Азия чемпиондугунда күмүш байге уткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.