super.kg logo
  Саясат  

Комитетте алименттен качкандарга жазаны катаалдатуу мыйзам долбоору жактырылды

 

Бүгүн, 7-майдагы Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинде «Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралды.

Жыйында баяндама жасаган эл өкүлү Тазабек Икрамов мыйзам бүгүнкү күндө карылар үйүндө ата-энелердин саны көп болуп жаткандыгына байланыштуу иштелип чыкканын баса белгиледи.

"Ата-эне кандай учур болбосун (багуудан баш тартса, карылар үйүнө таштаган болсо дагы) өз баласынын үстүнөн арыз жазбайт экен. Буга байланыштуу эч кандай чара көрүлбөй келет", - деди эл өкүлү.

Депутат ата-энесин багуудан баш тарткандарды же алимент төлөөдөн качкандарды коомдук жумуштарга тартуу же айып пул менен жазалоону сунуштап жатат.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты. Аталган мыйзам долбоорунун демилгечиси Тазабек Икрамов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: