super.kg logo

Макрон Франция Орусия менен согушпай турганын айтты  

 

Франция Орусия менен да, орус эли менен да согуш абалында эмес, ошондой эле Москвадагы саясий режимди өзгөртүү максаттарын көздөбөйт. Бул тууралуу Франциянын президенти Эммануэль Макрон Кытай лидери Си Цзиньпин жана Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Лейен менен үч тараптуу жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында билдирди.

Эммануэль Макрон, Си Цзиньпин жана Урсула фон дер Лейен / Сүрөт: Reuters

Макрон ошондой эле Кытайдын Орусияга курал сатуудан же ар кандай жардам көрсөтүүдөн баш тартуу милдеттенмесин кубаттады.

"Биз Кытай бийлигинин Москвага кандайдыр бир курал-жарак сатуудан жана жардам берүүдөн баш тартуу жана кош максатта колдонулуучу товарлардын экспортун катуу көзөмөлдөө боюнча милдеттенмелерин кубаттайбыз", - деди Макрон.

Ал ошол эле учурда Франция менен Европа "байыртан келген Кытай менен Орусиянын байланыштарын сыйлай турганын" белгиледи. Франциянын президенти Пекин менен "тыкыр диалогду" улантууга даяр экенин билдирди. Ал Си Цзиньпинге май айынын аягына пландаштырылган Путиндин Кытайга сапарынын алдында "иш-аракеттерди координациялоо" үчүн Францияга келгени үчүн ыраазычылык билдирди.

Евробиримдиктин президенти фон дер Лейен: "Биз Кытайдын Орусияга болгон бардык таасирин Орусиянын Украинага каршы согушун токтотуу үчүн колдонот деп эсептейбиз", - деп билдирди.

Макрондун айтымында, Орусияга карата “кызыл сызыктарды” орнотуу алсыздыктын белгиси болот, анткени саясатчынын айтымында, Москва эл аралык мыйзамдарды тоготпойт жана өзөктүк курал менен коркутууда.

Бул сапардан кийин Си Цзиньпиндин Орусиянын таасири астында деп эсептелген мамлекеттер Венгрия жана Сербияга барышы күтүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: