super.kg logo

Казакстан кумшекерди экспорттоого убактылуу тыюу салды

 

Казакстан ички рынокту камсыз кылуу үчүн 31-августка чейин кумшекер экспорттоого тыюу салды. Бул тууралуу казак өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, учурда Казакстандагы канттын запасы 256 миң тоннага бааланып, жылына 500-550 миң тонна керектелет.

Казакстандын айыл чарба министринин орун басары Ербол Тасжуреков учурдагы запастар жаңы түшүмгө чейин жетиштүү экенин айтты.

"Бүгүнкү күндө кампалардагы канттын жана чийки камыштын запасы 136 миң тоннаны түзөт. Ошондой эле 120 миң тонна орус кантын киргизүүгө квота бар. Казакстан ЕАЭБ алкагында быйылкы жылдын аягына чейин кайра иштетүү үчүн 300 миң тонна камыш сырьёсун бажы алымысыз алып кирүүгө укук алган. Орточо эсеп менен ай сайын кантты керектөө 46 миң тоннаны түзөт. Кумшекер жаңы түшүм башталганга суроо-талапты толук канааттандырууга жетиштүү", - деди Ербол Тасжуреков

Ал ошондой эле мындай чектөө эл аралык транзитке таасирин тийгизберин кошумчалады.

Эске салсак, ушундай эле убактылуу чектөөнү буга чейин Орусия да киргизген. Бул чараны алар ички азык-түлүк рыногунун туруктуулугун колдоого багытталганы менен түшүндүргөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: