Орусияда пара алууга шектелип кармалган чиновник дароо кызматтан алынды
Уфада Башкортостандын транспорт министри Александр Клебанов кармалды. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматтарга карганда, ал пара алып жаткан жеринен кармалган. Иштин толук чоо-жайы азырынча айтыла элек. Айрым маалыматтарда ал өзгөчө ири өлчөмдө пара алууга айыпталууда жана 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүндүгү айтылат.
Башкортостандын башчысы Радий Хабиров кылмыш тууралуу маалыматты тастыктагандан кийин аны дароо кызматынан бошоткон.
Александр Клебанов 2022-жылдын декабрында транспорт жана жол чарба министри болуп дайындалган. Ал 1976-жылы августта Москвада төрөлгөн.
2021-жылдын июлуна чейин Клебанов Пермь аймагынын транспорт министринин орун басары болуп иштеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.