super.kg logo
  Саясат  

Президент Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушу октябрда башталарын айтты

 
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушу октябрда башталарын Ош облусуна болгон сапарында билдирди.
Анда мамлекет башчы темир жол Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүн байланыштырып, Европа менен Перс булуңуна жаңы транспорттук каттамдарды ачарын белгиледи. Ал Кыргызстан жакынкы бир нече жылда бул жолду курууга ниеттенип жатканын кошумчалады.
Буга чейин маалымдалгандай, Бишкек, Пекин жана Ташкент бул мегадолбоорду ишке ашыруу механизми боюнча бирдиктүү пикирге келишкен. Кытайдын темир жол боюнча мамлекеттик корпорациялары аны ишке ашырууга даярдыгын билдирген.
Эгер бул темир жол салынып калса, анда Кыргызстан транзиттик өлкөгө айланат. Маршруту Торугарт – Кош-Дөбө – Казарман – Жалал-Абад багыты менен кетет. Узундугу 311 чакырым болот. Долбоордун баасы болжол менен 4 миллиард 700 миллион доллар экени айтылган.
Эске салсак, 6-майда Садыр Жапаров Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Сапардын жүрүшүндө өлкө башчы Ош шаарын жана облусун өнүктүрүү пландары менен таанышты. Ошондой эле Исхак Раззаков атындагы мектептин жаңы имаратын ачып, Барак эксклавынан көчүп чыккандар үчүн жаңы айылдын курулушун баштап берди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: