super.kg logo
  Саясат  

Баткенде айланма жолдун курулушу башталууда

 

Баткендеги Ак-Сай айылынын тургундарын облус борбору менен туташтыруучу Ак-Сай-Тамдык-Көк-Таш жолунун курулушу башталууда. Бул тууралуу Баткен районунун акими Сейитмурат Калыков билдирди. Анын айтымында, учурда жолду салууга керектүү техникалар жеткирилүүдө. Бул жол салынып бүтсө, ак-сайлыктар Тажикстандын Ворух анклавын аралабай, айланып облус борборуна барууга мүмкүнчүлүк алат.

Эске салсак, 17-декабрда Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда тиреш орун алып, ак-сайлыктар Ворухка кетчү жолду бууп салышкан. Алар бийликтегилерден дал ушул айланма жолдун курулушун баштоону талап кылышкан. Кечээ, 20-декабрда ак-сайлыктар менен КРнын Вице-премьер-министр Токон Мамытов жолугуп, ал бул талап аткарыларын айткан соң гана эл жолду ачкан эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: