super.kg logo

Владимир Путин расмий түрдө Орусиянын президенти кызматына киришти

 

Бүгүн, 7-майда Москвада Владимир Путиндин инаугурациясы болуп өтүп, Путин расмий түрдө Орусиянын президенти кызматына киришти.

Путин инаугурация учурунда элге ант берди. Андан кийин Путинге президенттик бийликтин символдорун, анын ичинде президенттик төш белги, Орусиянын гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана алтын чынжырдагы ураан түшүрүлгөн алтын Георгий Крести тапшырылды.

Кызматка киришүү жарыялангандан кийин мамлекет башчысы сөз сүйлөөгө тийиш.

Бул Путиндин мамлекет башчысы катары бешинчи мөөнөтү. Анын алгачкы эки мөөнөтү төрт жылга созулган. Орусиянын Конституциясына өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин мамлекет башчынын кызматы 6 жылга чейин узартылды. Путин биринчи алты жылдык мөөнөтүн 2012-жылы, экинчиси 2018-жылдан бери аткарган.

2020-жылы негизги мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдөн кийин ал 2024-жылдагы шайлоого катыша алды, анда ал рекорддук 87,28 пайыз добуш менен жеңишке жетти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: