super.kg logo

 «О!Деньги» капчыгы: 300дөн ашуун мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү бир тиркемеден онлайн төлөө

 

«О!Деньги» финансылык сервиси өлкөнүн экономикасынын санариптештирүүсүнө салым кошууну улантууда жана мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин кеңейтүү менен кыргызстандыктарга ыңгайлуу технологиялуу чечимдерди сунуштайт.

Накталайсыз төлөө мүмкүнчүлүгү калктын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө жетүү мүмкүндүгүн жакшыртат жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттешүү процессин жеңилдетет. Андан да, төлөөнүн мындай жолу убакытты бир кыйла үнөмдөйт, анткени мамлекеттик мекемелерге барып кезекке туруу зарылдыгы жоюлат — мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү «О!Деньги» капчыгы аркылуу төлөөгө болгону бир нече секунда кетет.

Эмесе, «О!Деньги» капчыгынын колдонуучуларына төмөнкүлөр жеткиликтүү:

· Паспортту жасатуу үчүн кызматты комиссиясыз төлөө;

· ЗАГСка караштуу кызматтарды комиссиясыз төлөө;

· “Кадастрдын” кызматтарын комиссиясыз төлөө. Мисалы, кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүү, кыймылсыз мүлктү техникалык текшерүү, жер иштерин тариздөө жана документтерди берүү;

· мүлккө ээ болуу же ээ болбоо жөнүндө маалымкатты төлөө;

· электрондук патентти тариздөө, төлөө жана узартуу;

· кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк үчүн салыктарды төлөө;

· “Коопсуз шаар” боюнча жана колго жазылган айып пулдарды төлөө;

· КРдин Юстиция министрлигинин кызматтарын, анын ичинде юридикалык жакты каттоону жана кайра каттоону, апостилди берүүнү, нотариалдык кызматтарды жана башкаларды төлөө;

· соттолбогондугу тууралуу маалымкатты төлөө жана тариздөө;

· соттук карызды төлөө;

· муниципалдык жана мамлекеттик бала бакчалардагы баланын тамактануусун төлөө жана көптөгөн башкалар.

Белгилей кетсек, «О!Деньги» капчыгы бир нече басуу менен, ошондой эле коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү, интернетти төлөөгө, капчыктарга жана банктык карталарга акча каражаттарын которууга жана Visa картасы менен жасалган сатып алуулардан жана QR-төлөмдөрдөн бонустук кешбэк алууга мүмкүндүк берет.

«Мой О!» тиркемесин Google Play’ден же App Store’дон жүктөп алып, капчыктын бардык санариптик мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланыңыз.

*«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБдун 03.08.2017-ж. №2021030817, №3022030817 лиц.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: