super.kg logo

Лейлектин тургунунан 15 миң доллар опузалаган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

 

Лейлектин тургунун “балдарыңдын келечегин ойло, өзүң майып болуп каласың” деп опузалап коркутуп жүргөн кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын 41 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал 2022-жылдан бери төрт жаран “балдарыңдын келечегин ойлогун, аларды көрбөй калышың мүмкүн, өзүң дагы майып болуп калбагын” деп коркутуп, 15 миң доллар опузалап талап кылышкандыктан, күйөө баласынан айдап жүргөн Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаасын 1 миллион сомго карызга алып, аларга өткөрүп бергенин айткан.

Бул арыздын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын алкагында, жабырлануучуну коркутуп акча талап кылып жүргөндөр ИИМдин каттоосунда турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экендиги аныкталып, өздүктөрү такталган.

Шектүүлөр Кулунду айыл аймагынын тургуну 40 жаштагы Ж.У. жана Ак-Суу айыл аймагынын 33 жаштагы тургуну Б.Б. Бишкек шаарынан, ал эми Интернационал айылынын 46 жаштагы тургуну Ш.Ө. Сүлүктү шаарынан кармалган.

Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, алардын шериги Г.Мга издөө жарыяланган.

Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: