super.kg logo

Министр Сузактагы кырсыкта жабыркаган балдардын абалы боюнча маалымат берди

 

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Биринчи радиого маек берип жатып Сузактагы кырсыкта жаракат алган балдардын абалы тууралуу маалымат берди.

Белгилей кетсек, 2-майда Сузактагы Катмы жайлоосунда "Манас" айтуу иш-чарасы учурунда жогору чыгып барган Портер жылып кетип, топтолгон элди аралап коюп кеткен.

Министрдин айтымында, кырсык катталгандан кийин ооруканаларга 35 адам кайрылган. Алардын арасынан 20 адам ооруканаларга жаткырылган. Бейшеналиев учурда бардык бейтаптар дарыланып жатканын, керектүү дары-дармектер менен камсыз болгонун кошумчалады.

"10 бала Бишкектеги Шаардык медициналык тез жардам клиникалык балдар ооруканасына жаткырылган. Дарыланып жатышат. Аларга дары-дармектер жетиштүү. Туугандары карап жатат. Ал эми Жалал-Абад шаарында 8 бейтап дарыланып жатат. Абалдары жакшы", - деп билдирди министр.

Эске салсак, Сузактагы кырсык 2-май күнү Катмы жайлоосунда болгон. Анда "Манас" айтып жаткан балдарды Porter үлгүсүндөгү унаа жылып кетип, сүзгөн. Кырсыктан 35тей бала жабыркаган. Алардын ичинен абалы оор деп бааланган 10 бала атайын борт менен Бишкекке алып келинген.

Бүгүнкү күндө төрт балага жаак жана баш сөөк сыныгынан операция жасалган. Алардын абалы жакшы деп баалангандыктан жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага которулган. Ал эми Жалал-Абад облусундагы ооруканаларда дарыланып жаткан тогуз баланын да абалы жакшы экени айтылган. Кырсыктын бардык жагдайларын тактоо үчүн комиссия түзүлгөн.






08.05.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: