super.kg logo

Жер семирткичтердин сапатын аныктоодо лабораториялардагы баалар 

 

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жер семирткичтердин сапатын аныктоо боюнча лабораториялардагы жаңы баалар тууралуу маалымат таратты.

Лабораторияда төмөнкү анализдер аткарылат:

  • Пестициддердин сапатын жана алардын калдыктарын топуракта, сууда, жашылчада аныктоо;
  • Минералдык, органикалык жана органоминералдык жер семирткичтердин сапатын, алардын сууда, жашылчада жана топуракта калдыгын аныктоо;

Бир үлгүнүн аныктоо боюнча баасы:

  1. Пестициддердин сапаты – 2580 сом;
  2. А/ч продукциясында, топуракта жана суугат сууларында пестициддердин калдык санын (ПКС) аныктоо – 1680 сом;
  3. Агрохимикаттар – 1800 сом;
  4. Органикалык жер семирткич – 2320 сом.

Топурактын курамындагы азыктандыруучу элементтердин камтылышы боюнча төмөндөгүдөй анализдерди жасайт.

  • Нитраттык азоттун;
  • Фосфордун;
  • Калийдин кыймылдуу формаларын;
  • Гумустун камтылышын;
  • Топурактын рH чөйрөсүн аныктайт.

Ошону менен бирге протоколдук изилдөөнүн жыйынтыгы менен ар-бир өсүмдүккө канча нормада минералдык жер семирткичтерди чачуу боюнча сунуштар берилет.

Бекитилген тарифке ылайык бир топурак үлгүсүнүн баасы – 1034 сом.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: