Бишкек шаардык милициясы калаа тургундарына уурулардан сактануунун жолдорун эскертти

Бишкек шаардык милициясы калаа тургундарына уурулардан сактануунун жолдорун эскертти.
Маалыматта велосипедди жоготуп алуучу эң кеңири тараган жер көп кабаттуу турак жайлардын кире бериши жана тепкич аянтчалары экени белгиленген.
- Милициянын кеңеши:
- Уурулуктан коргонуунун бирден бир кепилдүү жолу – велосипедди же электр скутерди кароосуз калтырбоо;
- Уурулуктан сактанунун эң жакшысы, өз батириңиз же кайтарылган унаа токтотуучу жай;
- Раманы гана эмес, дөңгөлөктү да ишенимдүү велосипед кулпулары менен бекитүүнү унутпаңыз;
- Велосипедди коомдук жайда жана видеокөзөмөлдүн алдында турган жерге калтыруу керек.
"Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору, сизден өз мүлкүңүзгө кайдыгер мамиле кылбоону суранабыз. Эгерде сиз уурулардын кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен болсоңуз же күбө болуп калсаңыз, дароо жакынкы милиция кызматкерине кабарлаңыз же 24 саат бою байланышта болгон 102 кыска номуруна чалыңыз", - деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле башка бирөөнүн мүлкүн уурдоо үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык жоопкерчиликке тартылары кошумчаланды.
Видео: Бишкек ШИИББ
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.