super.kg logo

Бишкектин Арча-Бешик конушунда тыюу салынган буюмдарды өрттөө фактылары аныкталды  

 

Бишкектин Арча-Бешик конушунда иштеп жаткан айрым жеке мончолор ар кандай тыюу салынган заттар менен жылытылып келген. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, мыйзамсыз фактылар жарандардан түшкөн кайрылуулардын негизинде муниципалдык инспекциянын инспекторлору тарабынан тастыкталды.

Ага ылайык, Шералиев 245 дарегинде жайгашкан жеке мончонун ээси негизинен эски кийимдерди жана тиричилик таштандыларын жагып келген. Ага байланыштуу Укук бузуулар кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгүн бузган шаар тургунуна айып пул салынып, анын көлөмү 7500 сомду түздү.

"Ушундай эле мыйзам бузуу буга чейин Садырбаев 387 б дареги боюнча катталган, анда жеке мончо тигүү калдыктары менен жылытылган. Ал жаранга 7500 сом өлчөмүндө айып салынган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жалбырактарды, курулуштарды, турмуш-тиричилик таштандыларын жана башка тыюу салынган заттарды өрттөгөндүгү үчүн айып пулдун өлчөмү укук бузуулар кодексине ылайык 7500 сомдон 23 миң сомго чейин түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: