super.kg logo

Яндекс Go самокаттары Кыргызстанда иштей баштады

 

Эми Бишкектин жашоочулары Яндекс Go тиркемесинен электр самокаттарды ижарага ала алышат.

Самокатты ээлеп койгондон кийин ага чейин жетүү үчүн колдонуучуларга 10 мүнөт акысыз убакыт берилет. Сапардын баасы бир мүнөткө 8 сомдон башталат. Төлөм Яндекс Go тиркемесине байланган картадан алынат. Ыӊгайлуу болсун үчүн 1 же 6 айга - 150 жана 599 сомго 20% арзандатууну кошуп алууга мүмкүндүк бар.

Ижарага алуу үчүн Ninebot Max Plus самокаттары жеткиликтүү, алардын эӊ жогорку ылдамдыгы саатына 25 чакырымды түзөт. Самокаттар эл көп жүргөн зонада ылдамдыгын автоматтык түрдө акырындык менен азайтат. Мындай “жай жүрүү зоналары” шаар бийлиги менен макулдашуу боюнча аныкталат. Булар жөө адамдар көп жүргөн мектептердин, бала бакчалардын айланасы жана аянттар. Самокат тебүүгө тыюу салынган зоналарда ал өз ылдамдыгын акырындык менен жайлатып, нөлгө чейин түшүрөт.

Биринчи сапарга чыгуу алдында тиркемеден самокатты кантип башкаруу жана коопсуз жол жүрүү керектиги жөнүндө кыскача жана жөнөкөй нускама чыгат. Колдонуучулар сапардын коопсуз маршрутун түзө алышат, ал эми “Алиса” үн жардамчысы жолго чыгуу алдында маанилүү эрежелер жөнүндө эскертет: мисалы, жол жүрүп бара жатканда кулакчын менен музыка угууга болбойт, ал эми жолду кесип өтүүдө самокаттан түшүп, рулунан кармап, жөө жетелеп өтүү зарыл.

“Бишкекте электр самокаттары шаар ичинде жүрүүгө ыӊгайлуу жана экологиялык таза чечим болушу жана трафикти жеӊилдетүүгө жардам бериши мүмкүн. Бирок аларды натыйжалуу колдонуу үчүн коопсуздук эрежелерин жакшы сактоо зарыл. Андыктан биз тиркемеде самокаттарды коопсуз пайдалануунун эрежелери жөнүндө дайыма эскертип турабыз”, - дейт Кыргызстандагы Яндекс Go компаниясынын жетекчиси Тилек Сулайманов.

Электр самокаттарын коопсуз жана ыӊгайлуу башкаруу үчүн аны бир гана киши айдашы керек. Ал эми бир аккаунттан бир учурда үчкө чейин самокатты ээлеп коюуга болот. Досуӊ үчүн дагы бир самокатка буйрутма берүү да абдан ыӊгайлуу кызмат. Бир нече самокатты эки жол менен ижарага алууга болот: ал үчүн "Дагы бир самокат" баскычын басуу же самокаттын корпусундагы QR-кодду сканерлөө кажет.

Бишкекте виртуалдык токтотмолорду пайдалануу менен электр самокаттарын ижаралоо системасы ишке киргизилген. Электр самокаттарынын орду картадан көрүнүп турат. Аларды ошол жерлерден ижарага алууга жана виртуалдык токтотмолорго калтырып коюуга болот.

Бардык каалоочулар Яндекс Go тиркемесин акыркы версияга чейин жаӊылоо менен самокат ижаралоо сервисин колдоно алышат. Аларды 18 жаштан ижарага алууга жана айдоого болот. Колдонуучулардын Яндекс Go самокаттарын тээп жүргөн учурдагы өмүрү жана ден соолугу камсыздандырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: