"Тазалык" ишканасына жаңы жетекчи келди



Бүгүн, 8-майда "Тазалык" муниципалдык ишканасына жаңы директор дайындалды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы жетекчи Жолдош Чуштуковду "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине калаа башчынын орун басары Рамиз Алиев тааныштырды.
Тиешелүү чечим Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан кабыл алынды.
Белгилей кетсек, буга чейин бул кызматты Рамиз Алиев аркалап келген. Ал 6-майда турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча мэрдин орун басары кызматына дайындалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.